АКШда өлүм жазасына кесилген кишинин жазасы аткарылган жок. Буга дарыгерлер себеп болду

АКШнын Айдахо штатында бир нече киши өлтүргөндүгү үчүн өлүм жазасына кесилген Томас Кричтин жазага тартылышы дарыгерлер ийне сайган тамыр таба албагандан кийин токтотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Мамлекеттик Түзөтүү департаментинин директору Жош Тевалттын айтымында, медициналык топ сегиз жолу аракет кылып, катетерди орното алган эмес жана өлүм жазасы "улантуу мүмкүн эмес" деп эсептелип, токтотулган. Бул убакыттын ичинде соттолгон адам өлүм жазасынын күбөлөрүнө колун булгалап коштошуп турган.

Мамлекет эми аны өлүм жазасына тартуунун башка жолдорун карайт.

Томас Крич үч штатта беш адамды өлтүргөн деп айыпталып, жарым кылымдан ашык убакыттан бери Айдахо штатындагы эң катуу режимдеги түрмөдө отурат. Мындан тышкары, Крич кеминде дагы 6 киши өлтүрүүгө шектелүүдө. Соттун материалдарына ылайык, ал кеминде 40 кишини өлтүргөнүн же өлтүрүүгө катышканын моюнуна алган.

1981-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган Крич мыкаачылык менен камералашын сабап өлтүргөн. Ал күнөөсүн мойнуна алып, сот аны бир жылдан кийин өлүм жазасына кескен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан