Армениялык мурдагы Дүйнө чемпиону Арсен Жулфалакян Париждеги Олимпиада оюндарына катышуу үчүн өз күчүн сынай баштады.
Тагыраагы, ал Аргентинанын жарандыгын алып, Мексиканын Акапулько шаарында өтүп жаткан Панамерикалык квалификациялык турнирге катышты. Ал 1/4 финалда америкалык Камал Бейге утулуп, Олимпиадага жолдомо ала алган жок. Жолдомо алуу үчүн финалга чыгышы керек болчу.
Жулфалакяндын Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн акыркы мүмкүнчүлүгү Стамбулда 9-майда баштала турган дүйнөлүк турнир болот.
Анын Армения курама командасы үчүн ат салышууга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок экенин эскерте кетели. Анткени 77 килограмм салмакта Армениянын атынан Европанын 3 жолку чемпиону Малхас Амоян күрөшөт.
36 жаштагы Арсен Жулфалакян 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиада оюндарында күмүш байге уткан. Ошондой эле 2014-жылы Ташкентте өткөн Дүйнө биринчилигинде 75 килограмм салмакта чемпион болгон.
2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиада оюндарында ал алгачкы баскычта кыргыз балбаны Данияр Көбөновду утуп алган. Финалда орусиялык Роман Власовго жеңилген.