Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча Азия чемпиондугунда экинчи алтын медалын утту

Суучул Денис Петрашов Филиппиндин Нью-Кларк-Сити шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда экинчи алтын медалын утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришти.

29-февралда спортчу брасс ыкмасы менен 200 метрге сүзүүдө финалда 2 мүнөт 12,89 секундада келип, алтын медалга ээ болду. Бул аралыктагы мелдешке сегиз суучул катышты. Экинчи орунду вьетнамдык Бао Пхам (2 мүнөт 13,86 секунда), үчүнчү орунду малайзиялык Пиёнг Велл Хи (2 мүнөт 20,68 секунда) ээледи.

Петрашов буга чейин 27-февралда брасс ыкмасы менен 50 метрге сүзүүдө алтын медаль уткан. Муну менен ал Азиянын төрт жолку чемпиону болду.

Эске салсак, суучул 2017-жылы брасс ыкмасы менен 100 метрге сүзүүдө, 2019-жылы ушул эле ыкма менен 200 метрге сүзүүдө Азия чемпиону болгон.

Денис Петрашов быйыл Парижде өтчү жайкы Олимпиада оюндарына катышат. Лицензия спортчуга Японияда өткөн сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан