Коңшу Казакстан бүгүн, 1-марттан тарта бирдиктүү убакыт алкагын - UTC+5 түзүүнү чечишти. Бул тууралуу Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги билдирди.
Өкмөттүн «Казакстан Республикасынын аймагында убакытты эсептөө тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.
"Өзгөртүүлөргө ылайык, 2024-жылдын 1-мартында саат 00:00дөн баштап бүткүл республика боюнча бирдиктүү убакыт алкагын колдонуу белгиленген. Ошентип беш убакыт алкагы (UTC+5) республиканын бардык аймагына колдонулат", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда алты сааттык алкак (UTC+6) колдонулат. Эми коңшу мамлекетке өткөндө саатты бир саатка артка жылдырууга туура келет. Тагыраагы Бишкекте саат 12:00 болсо, Алматыда 11:00 болот дегенди билдирет.