"Ата Мекен" фракциясы ИИМдин башчылыгына Шамиль Атахановдун талапкерлигин колдоого алды
30-октябрь күнү ЖКда "Ата Мекен" фракциясынын кезексиз жыйыны болуп, анда ИИМдин башчылыгына сунушталып жаткан Шамиль Атахановдун талапкерлиги каралды. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев билдиргендей, өкмөт башчы сунуштаган Шамиль Атахановдун талапкерлигин ЖК 5 күндөн кечиктирбей карап берүүсү зарыл. Жыйындын соңунда "Ата Мекен" фракциясы талапкердин тажрыйбасын, принципиалдуулугун эске алуу менен ИИМдин жетекчилигине бекитилишин колдоого алганын ЖКнын басма сөз кызматы маалымдайт.