ДССУ өлкөгө өзгөчө кырдаал учурунда медициналык жардам көрсөтүү үчүн акысыз комплекттерди тапшырды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Кыргызстанга өзгөчө кырдаал учурунда медициналык жардам көрсөтүү үчүн комплекттерди өткөрүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму министрликке караштуу Улуттук госпиталдын катастрофалык медицина жана шашылыш консультативдик медициналык жардам бөлүмүнө өзгөчө кырдаалдарда жана табигый кырсыктарда кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн комплекттерди акысыз тапшырды.
Бул гуманитардык жардамга медициналык буюмдар, тагыраагы, атайын тигүүчү материалдар, анестезия, хирургиялык дренаждар, стерилизация жана интубация комплекттери (ларингоскоп менен), жалпы хирургиялык комплекттер жана башкалар кирет.
"Жүк ДССУнун Дубайдагы аймактык материалдык-техникалык жабдуу борборунан жөнөтүлүп, жалпы салмагы 240 килограммдан жогору, баасы 37 миң АКШ долларынан ашты.
Өткөрүлүп берилген жүктүн жардамы менен талаа шартында жүздөн ашык адамга жаракат алган учурларда жана хирургиялык патологияларда медициналык жардам көрсөтүүгө болот", - деп айтылат анда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан