Кыргыз спортчулары АКШда өткөн таяк тартыш боюнча турнирде байгелүү орундарга ээ болду

Өлкөнүн таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча улуттук курама командасы байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кыргыз спортчулары АКШда өткөн эл аралык “Arnold Classic” турниринде 4 алтын, 2 күмүш жана 1 коло байгени алышты.
"Атайбек уулу Келдибек, Мухаммед Али Тохтоматов, Элза Абдикадирова, Азамат Асанов 1-орунду жеңип "Алтын чемпион" курун тагынышты. Ал эми Дилбара Иманканова, Акылбек Урунбаев күмүш, Актан Рахматов коло байгеге ээ болду", - деп айтылат анда.
29-февралда башталган эл аралык турнир 3-мартта жыйынтыкталары айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан