Төрага Шакиев баштаган депутаттар Кембридж университетине барды (сүрөт)

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиядагы расмий иш сапарынын алкагында Кембридж университетине барды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, төрага баштган делегация 1209-жылы түптөлгөн окуу жайдын эски кампустарында болуп, байыркы университеттин ишмердүүлүгү менен таанышты. Белгилүү болгондой, азыркы тапта аталган окуу жайда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн келген 18 миңден ашуун студент окуса, аларга 9 миңдей окутуучулар жамааты билим берет.

Окуу жайдын жетекчилери жана окутуучулары менен өткөрүлгөн жолугушууда төрага Шакиев Кыргызстан менен Улуу Британиянын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалары тууралуу сөз кылды.

Андан соң Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына байланышкан тегерек столго катышып, бабаларыбыздын баскан жолу тууралуу кеңири баяндама жасады. Ошондой эле окумуштуулардын кызыккан суроолоруна жооп берип, пикир алмашты.

Ал эми Кембридж университетинин профессору, Борбор Азия форумунун директору Сиддхарт (Монту) Саксена өзү жетектеген форумдун ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берип, кыргыз калкынын тарыхына, маданиятына ар тараптуу изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатканын билдирди.

Тегерек столдо Кыргыз каганатынын тарыхына кызыккан айрым окумуштуулар аталган багытта ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатышканын билдиришти. Кыргыз каганатынын тарыхына байланыштуу чыгарылган китепти Шакиевге белек кылышты.

Жыйында айтылгандай, профессор Сиддхарт (Монту) Саксена жетектеген Борбор Азия форуму экологияны сактоо, тоо системасын коргоо, жаратылышты калыбына келтирүү, тоо-кен иштетүү тармактары боюнча изилдөөлөрдү да жүргүзүп келет.

Нурланбек Шакиев Кыргызстан аталган форум менен ар тараптуу алакаларды мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, эки өлкөнүн окумуштуулары арасында тажрыйба алмашуу өнөктүгүн өнүктүрүү зарылчылыгына токтолду.

Белгилей кетсек, парламенттик делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Жанарбек Акаев, Лейла Лурова, Элдар Сулайманов жана Жылдыз Садырбаева бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан