Meta компаниясы Facebook менен Instagram эмнеден улам иштебей калганын маалымдады

Meta компаниясы ээлик кылган Facebook менен Instagram социалдык тармактардын иши техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу компаниянын басма сөз катчысы Энди Стоун билдирди.

"Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам колдонуучулар биздин кызматтардын айрымдарына кирүүдө кыйынчылыктарга туш болушту. Биз мүмкүн болушунча маселени чечкенге аракет кылдык. Бул келтирген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз", - деп жазган ал.

Эске салсак, кечээ, 5-март күнү кечинде көптөгөн өлкөлөрдөгү колдонуучулар Facebook жана Instagram тармагына кире албай жаткандарын жазышкан.

Бул көрүнүш Кыргызстанда дагы байкалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан