"Элге “чыдап койгула” деп айткандан уялгыла!" Депутат Сурабалдиева энергетика министрин сынга алды 

Бүгүн, 6-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева энергетика министри Таалайбек Ибраевди "чыдап койгула" деген сөзү үчүн сынга алды.
Министр Ибраев парламенттин жыйынында 30 жылдан бери эч бир ГЭС курулбагандыктан электр энергиясына таңкыстык жаралып, өчүрүүлөр болуп жатканын айтты.
"Бул убактылуу нерсе, буга чыдап коюшубуз керек. Анткени эки ГЭСти оңдоп-түзөөдөн өткөрүп алсак, дагы 40-50 жыл иштегенге мүмкүнчүлүгү жаралат", - деди ал.
Буга нааразы болгон депутат айым эл эмес, министр өзү чыдашы керектигин айтты.
"Элге кайрылып "чыдап койгула" дегенден алыс болуңуз. "30 жыл чыдадыңар дагы чыдагыла" деген сөздү эл сизге айтышы керек. Анткени "30 жыл бизнес-класс менен учпаган министрлер дагы учпашы керек" деген сөздү элдин атынан мен сиздерге айтат элем. Ушундай сөздү айткандан уялгыла! Министрлер чыдасын. Машинелерин элге таратсын, "караңгыда жүрбөгүлө аялдар" деп. Каражаттарын интернаттагы балдарга берсин. "Чыдагыла" деп энергетика министри айтпаш керек", - деди Сурабалдиева.
Ошондой эле ал аймактарда электр энергиясы тартыш болуп жатканын белгиледи.
Жогорку Кеңеш 06.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан