Баткен жана Кара-Суу округдарында шайлоо өткөрүүгө 24 миллион сомго чукул акча жумшалат

Баткен жана Кара-Суу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө 23 миллион 934 миң сом жумшалат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.

БШК 5-мартта Жогорку Кеңешке жаңы депутаттарды шайлоого кеткен чыгымдын сметасын бекитти. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт.

4-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, шайлоо 28-апрелге белгиленген. Аталган эки округда 223 миң 560 шайлоочу бар.

Талапкерлер 28-мартка чейин арыз тапшырып, аларды каттоо 8-апрелге чейин ишке ашат. Үгүт иштери 8-апрелден 27-апрелдин таңына чейин жүргүзүлөт. 28-апрелде шайлоо өтсө, добуш берүүнүн соңку жыйынтыгы 12-майга чейин чыгарылат.

БШК 22-февралдагы отурумунда Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин депутаттык мандатын алган. Эл өкүлдөрү мандатын тапшыруу боюнча өздөрү арыз жазганы маалым болду.

Белгилей кетсек, 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Ражабалиев бир мандаттуу №2 Баткен округу боюнча, ал эми Матраимов №9 Кара-Суу округу боюнча депутат болуп шайланып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан