Жефф Безос үч жылдан кийин кайрадан планетадагы эң бай адам болду

Америкалык Amazon компаниясынын негиздөөчүсү, 60 жаштагы Жефф Безос дүйнөдөгү эң бай адам деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы байлыгы 200 миллиард долларга бааланган Безос дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде SpaceX компаниясынын ээси Илон Маск менен LVMH Moet Hennessy директорлор кеңешинин төрагасы Бернар Арнону басып өткөнгө жетишти. Алардын таза байлыгы учурда тиешелүүлүгүнө жараша 198 миллиард долларды жана 197 миллиард долларды түзөт.

Безостун капиталын эсептөөдө анын Blue Origin космостук изилдөө компаниясынан түшкөн киреше жана Amazon акцияларын сатуу эске алынган.

Акыркы жолу 60 жаштагы Жефф Безос Bloomberg рейтингинде 2021-жылы биринчи орунга чыккан. Андан кийин лидерликти Илон Маск ээлеген, анын байлыгы Tesla компаниясынын акцияларынын баасынын өсүшүнүн аркасында көбөйдү. Бирок, 2024-жылы Tesla акциялары 24 пайызга төмөндөгөн.

Учурда дүйнөдөгү эң бай 10 адам: Жефф Безос 200 миллиард доллар байлыгы менен;

SpaceX, Tesla жана X социалдык тармагынын ээси Илон Маск (198 миллиард доллар);

LVMH компаниялар тобунун ээси, француз Бернар Арно (197 миллиард доллар);

Метанын негиздөөчүсү Марк Цукерберг (179 миллиард доллар);

Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс (150 миллиард доллар);

Microsoftтун мурдагы башкы директору Стив Балмер (143 миллиард доллар);

Инвестор Уоррен Баффет (133 миллиард доллар);

Oracle компаниясынын мурдагы башкы директору Ларри Эллисон (129 миллиард доллар);

Google компаниясынын мурдагы башкы директору Ларри Пейдж (122 миллиард доллар);

Google'дун мурдагы президенти Сергей Брин (116 миллиард доллар).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан