Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясы курулуш объектилери жана чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча рейд жүргүздү. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин 115- беренесинин 2-бөлүгү менен Гражданская көчөсү 24 дарегиндеги "Авента курулуш" ЖЧКсына, Ч. Айтматов проспектиси 100/2. "Кыргыз Каганат" ЖЧКсына курлуш калдыктарын муниципалдык аймакка таштагандыгы үчүн, көркөндүрүүнүн эрежелерине ылайык айлана- тегерегиндеги таштандыларды тазалабагандыгы үчүн
Юнусалиев көчөсүнүн 177/2 дарегиндеги "Умай Групп" ЖЧКсына, "Асаха Групп" ЖЧКсына карата протоколдор түзүлүп, 23 миң сом айып салынды.
"Ошондой эле тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн 114-берене боюнча "Борман Констракшн" ЖЧКга, Сухэ Батор көчөсүнүн 3/3 дарегиндеги 40х40 кароке барына жеке ишкер А. А. карата 13 миң сомго протокол түзүлдү.
Ал эми 117- беренин 2- бөлүгү Тыныстанов-Жумабек көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдун өтүүчү бөлүгүнө суу түтүктөрүн орнотуунун натыйжасында бузулган жолду кайра калыбына келтирбегендиги үчүн "Техник Трейд" ЖЧКга 23 миң сом айып салынды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, муниципалдык инспекция Бишкек шаарынын аймагында күн сайын рейддер жүрүп жатканын эскертет. Укук бузуулар аныкталган учурда укук бузуулар жөнүндө кодекстин беренелерине ылайык чаралар көрүлөт.