Бишкекте 8 жаштагы бала автобуста уктап калып адашып кеткен. Милиция кызматкерлери аны таап беришти

Милиция кызматкери Бишкекте адашып кеткен баланы ата-энесине аман-эсен тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 4-мартта саат 12:05 чамасында Ленин РИИБинин күзөт бөлүмүнүн тескөөчүсү, милициянын капитаны Б.Абдисияев административдик имараттын аймагында нөөмөттө турган учурунда Дэн Сяопин жана Кара-Кум көчөлөрүнүн кесилишинде жолдун жанынан бир баланы байкап калган.
Милиция кызматкери бала менен сүйлөшкөндө ал 2016-жылы туулган А.У. экендигин айткан. Ошондой эле автобус менен үйүнө бара жатканда уктап калып, аялдамасын өткөрүп жибергендиктен адашып кеткенин билдирген.
Мындан улам Абдисияев күндөлүгүнөн апасынын телефонун таап, баланын жүргөн жери жөнүндө кабарлаган. Бир сааттан кийин баланы апасына тапшырып берген. Ал эми апасы милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, мындан ары баланы тыкыр көзөмөлгө алууну убада кылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан