Орусиядагы жылуулук электр борбору жарылды (фото)

Орусиядагы Шагонар жылуулук электр борборунда жарылуу болуп, өрт чыгып, адамдар катуу жаракаттарды алышты. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Жарылуу тууралуу маалыматты Тыва Республикасынын башчысы Владислав Ховалыг дагы социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Шагонар ЖЭБиндеги авариянын себептерин тактап жатабыз. Каза болгондор жок, бирок 10 адам жаракат алганы белгилүү. Алар ооруканага жаткырылды. Тез жардам кызматы жеринде иштеп жатат, имарат курчоого алынды", - деп жазды ал өзүнүн телеграм каналына.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ЖЭБдин от казанынан чыккан өрт 50 чарчы метрге жеткенин, имараттан 21 адам эвакуацияланганын билдирди.

"Окуя болгон жерде 7 адамдан турганкуткаруу күчтөрү жана 4 техника иштеп жатат. Ошондой эле Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тыва Республикасы боюнча Башкы башкармалыгынын ыкчам тобу иш алып барып жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул окуя боюнча "шалаакылык" беренеси менен иш козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан