Айдоочу, сак болуңуз! Унаа жолдордо атайылап кар көчкү түшүрүлөт

Эртең, 7-мартта айрым унаа жолдорунда атайылап кар көчкү түшүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматтарга караганда, кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү иши кырсыктардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында жүрөт.
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 293-306-чакырымында жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында кар көчкүнү атып түшүрүү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери тарабынан атайы артиллериялык эсепти колдонуу менен жүргүзүлөт.
"Буга байланыштуу аталган унаа жолдорунда чектөөлөр маал-маалы менен киргизилип турат. Унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактаңыздар. Ошондой эле жарандарды түшүнүү менен кабыл алып, зарылчылык болбосо сапарга чыгуудан баш тартууну сунуштайбыз.
Кырсык катталганда же жолдордогу абал боюнча ыкчам маалымат жана жардамды “112” номерине байланышуу менен алсаңыз болот. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта", - деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан