Бүгүн, 6-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева бала-бакчаларда балдардын тамак-ашына акча бөлүүгө келгенде каражат үнөмдөлүп жатканын билдирди.
"Каражатка келгенде балдардан үнөмдөп калабыз. Эмнеге кечээ токтом чыгып жатат? Макул бизнес-класс менен президент учсун, премьер, төрага учсун. 3 кишиге чектеп коюңуздар. Эмнеге башкармалыктын жетекчилеринен бери, иш башкармалыктарынан бери учуруп жатабыз? Кайсы кызматы үчүн? Буларды ошол ата-энелер иштеп, салык төлөгөндөрдүн аркасы менен учуруп жатабыз. Эмне үчүн? Балдарга акча жок, а бизнес-класска акчасы бар", - деди Сурабалдиева.
Ошондой эле ал бюджеттен миллиарддаган акчалар башка нерселерге бөлүнүп жатканда талкуу болбой, балдарды каржылоого келгенде талкуу болуп жатканына нааразы болду.