Алматыда жер титирөөдөн кийин жер үйлөрдүн баасы кымбаттады

Коңшу Казакстандын Алматы шаарында катуу жер титирөөдөн кийин адамдар көп кабаттуу үйдө жашоодон коркуп, шаарда жер үйлөргө болгон суроо-талап күчөдү. Бул тууралуу 24KZ телеканалынын сюжетинде айтылат.

Телеканалдын маалыматына караганда, жер титирөөдөн кийин Алматыдагы көп кабаттуу турак жай комплекстери бош калган. Экинчи жер титирегенде көп кабаттуу үйдө жашаган алматылыктар шаардан чыгып кетишкен. Шаарда негизинен жер үйдө жашаган гана адамдар калган.

Мындан улам көпчүлүк алматылыктар дагы деле көп кабаттуу үйлөрүнө кайта элек. Телеканал шаардагы конуштарда жер үйлөрдүн баасы салыштырмалуу кымбаттаганын жазды.

Алматыда 4-мартта саат 11:22де катуу жер титирөө болгон. Сейсмологдордун айтымында, жер титирөөнүн күчү 5 баллды түзгөн. Мындан улам Астана шаарына болгон билеттердин баасы кымбаттап, Астанадагы ижарага берилүүчү батирлердин баасы дароо өскөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан