Армения Звартноц аэропортунан орус чек арачыларын чыгарып кетүүнү талап кылды

Армения Орусия Федерациясына Звартноц аэропортундагы чек арачыларынын ишмердүүлүгүн токтотуу маселеси боюнча расмий кат жөнөттү. Бул тууралуу Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян билдиргенин Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Анын айтымында, армян тарап Орусияга расмий кат жолдогон, анда анын позициясы так жазылган. Ереван Армениянын чек ара аскерлери Звартноц аэропортунда кызмат өтөшү керек деп билдирди.

"Армениянын бул маселе боюнча так позициясы бар жана бул тууралуу Орусияга расмий кат менен кабарлады", - деген ал.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков буга чейин орус чек арачыларын Звартноц аэропортунан чыгаруу боюнча кабыл алынган чечимдерден Орусия кабардар эмес деп билдирген.

Звартноц эл аралык аэропорту Ереван шаарында жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан