Хабиб Нурмагомедов акчасы жок кезде азыркыдан бактылуу жашоосу болгонун айтты

UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов акчаны жашоосунда көйгөй катары карай турганын жана ансыз жашоосу бактылуу болгонун айтты. Бул тууралуу ал куудул Нурлан Сабуров менен болгон маегинде билдирди.

Мушкер 2020-жылы UFC уюмунан кетип, андан кийин бизнес, анын ичинде спорттук эмес бизнести баштаган, ошондой эле бир нече ири жарнамалык келишимдерге кол койгон.

"Акчасы жок кезде дагы жашоом бар болчу. Азыр акча менен дагы жашоом бар. Менин оюмча акчасыз жок жашоом бактылуу болгон. Адам дайыма бир нерсеге муктаж болушу керек", - деди Нурмагомедов.

Нурмагомедов 2020-жылдын 24-октябрында "UFC 254 турниринде" Жастин Гэйтжини жеңип, спорттон кеткен. Ал тарыхта жеңилбес мушкер катары калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан