Москвада 3 миллион рублдук гүл жүктөлгөн КамАЗды уурдап кетишти

Орусиянын Москва облусунда баасы үч миллион рублга жакын болгон жоогазын жүктөлгөн жүк ташуучу унаа уурдалды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, окуя жергиликтүү базарлардын биринде болгон. Анда Домодедово шаарынын полициясына ишкер кайрылган. Кайрылуусунда ал ага тиешелүү болгон КамАЗ жүк ташуучу унаасын базардын кире беришинен уурдап кетишкенин айткан. Жүк ташуучу унаада болжол менен баасы 3 миллион рублга жакын болгон жоогазын гүлү жүктөлгөн.

Бул факты боюнча укук коргоо органдары иликтөө иштерин баштады. Окуянын чоо-жайы такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан