Садыр Жапаров "Токтогул ГЭСинде сууну сатып жатышат" дегендерге жооп берди

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде "Токтогул ГЭСинде сууну сатып жатышат" дегендерге жооп берди.

Президент өз сөзүндө "Токтогул" суу сактагычынан суу сатыш мүмкүн эмес экенин баса белгиледи.

"Биринчиден, "Токтогул" суу сактагычынан суу сатыш мүмкүн эмес. Бул сөз жөн гана түшүнүгү жок же популист адамдардын энергетиктерге жапкан жалаасы деп ойлойм. Ал жерде онлайн камералар орнотулган. Баары түздөн-түз көзөмөлдө турат.

Экинчиден, ким суу саткан болсо, ал абийирин сатып калсын демекчимин. Эгер жолун таап саткан болсо, андай кызматкерлер жазасыз калбайт. Өтө катуу жазасын алат", - деди Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан