Бүгүн, 7-марттан тарта Бишкекте "ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу" ЖЧКсы тейлеген №12 автобус каттамынын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөрөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, жаңы каттам боюнча 12-автобус С. Каралаев жана И. Ахунбаев көчөлөрү аркылуу 7-апрель көчөсүнө чыгып, андан ары эски схема менен Арашан айылына барат.
Белгилей кетсек, аталган каттамга күнүнө 20 автобус чыгат. Мындай өзгөрүү шаардын коомдук транспорт тармагын оптималдаштыруунун алкагында ишке ашырылды.