Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм кеңешинин чечими менен “Эмигранттар” спектакли эң мыкты деп табылды.
Бул спектакль тажик режиссёру Барз Абдураззаков тарабынан коюлган.
Ошондой эле “Жылдын мыкты актёру” деп КРнын Эмгек сиңирген артисти Эгемберди Бекболиев табылса, “Жылдын мыкты актрисасы” деп КРнын Эмгек сиңирген артисти Айсалкын Кыйыкбаева табылды.