Ким Чен Ын Түндүк Кореяда согушка даярдыкты тездетүүнү буйруду

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын согушка даярдыкты жогорулатуу үчүн машыгууларды күчөтүүнү буйруду. Бул тууралуу Кореянын борбордук маалымат агенттиги билдирди.

Кечээ, 6-мартта Ким Чен Ын Коргоо министри жана Башкы штабдын башчысынын коштоосунда Корей Элдик Армиясынын негизги аскердик базасында болуп, машыгууларды жеке өзү көзөмөлдөгөн.

"Бүткүл армия азыркы кырдаалдын талаптарына ылайык согушка даярдыктарды тездетүү үчүн тез өнүгүүнүн жаңы мезгилин чечкиндүү түрдө ачууга тийиш» деп баса белгилеген ал.

Ал ошондой эле армиянын иши менен таанышуу учурунда Түндүк Кореянын Коргоо министри Кан Сун Намга согушка даярдыкты тездетүүнү буйруган.

Эске сала кетсек, 14-февралда Түндүк Корея Падасури-6 жаңы типтеги кемеге каршы ракетасын кезектеги сыноодон өткөргөн. Буга жооп катары 23-февралда Түштүк Корея менен АКШ F-35A согуштук учактарын колдонуп, душмандын учактарын жана канаттуу ракеталарын кармоо боюнча машыгууларды өткөрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан