9-10-мартта күчтүү магниттик бороон болушу мүмкүн экени айтылды

Март айындагы эң күчтүү магниттик бороон 9-10-март күндөрү күтүлөт. Аны ал тургай дени сак адамдар да сезе алат. Бул тууралуу "Известия" маалымат агенттиги жазды.

Маалымдалгандай, орточо деңгээлдеги магниттик бороон 15-16-мартта жана 21-22-мартта болору айтылды. Айдын акыркы магниттик бороону 27-28-мартта болуп, кан басым көтөрүлүп, ден соолук начарлашы мүмкүн.

Дарыгерлердин айтымында, магниттик бороон жүрөк-кан тамыр оорулары мененжабыкаган, кан басымы жогору же төмөн адамдарга таасир этиши мүмкүн. Магниттик бороон кан тамырлардын ичкерүүсүнө жана кеңейишине таасир эткендиктен баш оору, шакый, булчуң оорусу жана жалпы алсыздыкты пайда кылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан