"Жаз жыттанган, наз жыттанган перилер...". Мирлан Самыйкожо айым депутаттарды ыр окуп, өзгөчө куттуктады (видео)

Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо айым кесиптештерин ыр окуп, өзгөчө куттуктады.

"Жаз жыттанган, наз жыттанган перилер,

Жазды мына силер алып келдиңер!

Жаз майрамы менен жалпы аялзатын, энелерди куттуктайм! Сиздер бар дүйнөдө мээрим бар. Эненин жүрөгүндөй жүрөк, эненин тилегиндей тилек болбойт. Биз сиздерди, жалпы кыргызстандык айымдарды 8-март майрамы менен чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз!", - деген Самыйкожо көркөм ыр окуду.

Ошондой эле төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев бардык айымдарды 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Ал Жогорку Кеңештеги депутат айымдарга гүл жана белектерди тапшырды.

Жогорку Кеңеш 07.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан