Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-мартта жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту.

Жабык форматта өткөн жолугушуу бир катар жетекчилердин демилгеси менен эң актуалдуу темаларды талкуулоо максатында уюштурулган.

Иш-чарага басма сөз, телеканалдар, маалымат агенттиктери жана жаңылыктар порталдары сыяктуу ар кандай медиа-секторлорунун 40тан ашык өкүлдөрү катышты.

Президент менен ЖМК жетекчилеринин ортосундагы баарлашуу эки сааттан ашык уланып, анын жүрүшүндө коом үчүн жана түздөн-түз медиа чөйрө үчүн маанилүү маселелердин ар кандай аспектилери каралды.

Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги мамлекеттеги ачык-айкын маалыматтык саясатты камсыз кылуу үчүн ЖМК өкүлдөрү менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан