Бишкекте эки айлык ишембилик жарыяланды

Бишкекте 11-марттан 11-майга чейин борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык иш-чара жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, эки айлык иш-чара борбордун инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу, аймагын көрктөндүрүү максатында жарыяланды.

Ишембиликке көчөлөрдү тазалоо жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү үчүн менчигинин түрүнө карабастан уюмдар, мекемелер, көп кабаттуу үйлөрдүн жана жеке турак жайлардын жашоочулары катышат.

"Муниципалдык инспекцияга жана муниципалдык чарба башкармалыгына бекитилип берилген участоктордун абалына көзөмөлдү жана үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу милдети тапшырылды",-деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, төрт райондорунун акимдерине МАБ менен биргеликте бекитилген участоктор, анын ичинде административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган жаңы аймактар менен тааныштыруу тапшырмасы берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан