Кыргызстанда ички каттамдарга билет баалары жогорулаган жок. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан маалымдашты.
Маалымдалгандай, аталган кызматтын дарегине республика ичиндеги авикаттамдарга билеттердин баасы боюнча кайрылуулар түшкөн. Анын негизинде отурум өткөрүлгөн.
Жолугушууда авиакомпаниялар тарабынан алардын ишмердүүлүгү жана авиабилеттердин баасы жогорулабагандыгы тууралуу маалымат берилди.
Ага ылайык, сатуу үчүн авиабилеттердин баалары алардын расмий сайттарында ачык жеткиликтүү түрдө жайгаштырылат жана 4 миң сомдон ашпайт.
"Бирок, бир катар өзгөчө учурларда, биринчи орундуктарга жакшыртылган кызматтар көрсөтүлөт жана бул орундарга билеттердин баасы бир аз жогору. Мындай орундардын саны учактын салонундагы орундардын жалпы санынын 3-4 пайызды түзөт.
Ошондой эле авиакомпаниялар жүргүнчүлөргө 12 жашка чейинки балдарга, ардагерлерге, пенсионерлерге жана башка жеңилдетилген категориядагы жарандарга жеңилдиктерди берет",-деп айтылат маалыматта.
Билет сатуучу кассалар билеттин наркына сый акы кошушат.
Эгерде керектөөчү билеттерди авиакомпаниялардын түз агенттери аркылуу эмес, субагенттер аркылуу сатып алса, анда кошумча төлөйт. Ошондой эле алдамчылык учурлары да орун алышы мүмкүн.
Буга байланыштуу кызмат билеттерди алып сатарлык баалар боюнча сатып алууну болтурбоо үчүн аларды түздөн-түз компаниялардын авиакассаларынан же алардын расмий сайттары аркылуу сатып алууну сунуштайт.
Ал эми билеттерди алып сатарлык баада сатып алган учурда керектөөчү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына же тиешелүү авиакомпанияга кайрыла алат.