НАТОго расмий түрдө дагы бир өлкө кошулду

Швеция расмий түрдө НАТОго кошулду. Бул тууралуу протокол АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтында жарыяланды.

Протокол 7-марттан тарта күчүнө кирди, ал эми Брюсселдеги НАТОнун штаб-квартирасы алдында Швециянын желегин көтөрүү аземи 11-мартта болот.

Скандинавия өлкөсү Түндүк Атлантикалык альянстын 32-мүчөсү болуп калды.

Швеция менен Финляндия 2022-жылдын жазында НАТОго кошулуу үчүн биргелешип арыз беришкен. Финляндия НАТОго 2023-жылдын жазында кошулган. 2024-жылдын башында Швециянын кирүүсүн бир нече ай кечиктирилген соң НАТОнун акыркы эки өлкөсү – Түркия жана Венгрия бекиткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан