"Оскар" сыйлыгы: Кино дүйнөсүндө жылдын мыктылары аныкталды

Бүгүн, 11-мартта Лос-Анжелес шаарында 96-Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.

Маалыматтарга караганда, иш-чара мыктыларга номинацияларды ыйгаруу салтанатын 2001-жылдан бери өткөрүп келген Долби театрында болду. Иш-чараны куудул Жимми Киммел алып барды.

"Оскар" сыйлыгында эң мыкты тасма үчүн башкы статуэтканы режиссёр Кристофер Ноландын "Оппенгеймер" тасмасы алды. Кристофер Ноландын эмгеги 13 категория боюнча ат салышып, жети номинацияда жеңүүчү болду. Эркектин ролу, режиссура, музыка, оператордук жумуш, экинчи пландагы эркектин ролу жана монтаж боюнча мыкты деп табылды.

"Эң мыкты актёр" наамы жеңүүчү тасмадагы ролу үчүн Киллиан Мерфиге ыйгарылса, ал эми "Эң мыкты актриса" наамы "Бактысыз" тасмасында ойногон Эмма Стоунга тапшырылды.

Йоргос Лантимостун "Бактысыз" тасмасы "Оскар" сыйлыгы боюнча төрт номинацияда жеңүүчү аталды. Ал эми экөө "Кызыкчылык аймагы" аттуу тасмасына берилди.

"Эң мыкты анимацияланган тасма" наамын Япония элинин "Бала менен куш" тасмасы жеңип алды. "Эң мыкты ыр" Билли Эйлиш менен Финнеас О'Коннеллдин "Барби" тасмасындагы "Мен эмне үчүн жаралганмын?" чыгармасы болду.

Ошондой эле "Мариуполдогу 20 күн" мыкты даректүү тасма деп табылды. Сыйлыкты Мстислав Чернов, Мишель Мизнер жана Рейни Аронсон-Рат кабыл алышты. Бул украин кинорежиссёрлору үчүн тарыхтагы биринчи "Оскары".

"Оскар" сыйлыгын тапшыруу кино дүйнөсүндөгү эң белгилүү жана абройлуу салтанаттардын бири.

Сүрөтчүлөр, режиссёрлор, продюсерлер жана башка кино тармагындагы өнөрпоздор бул жерге жылдын мыкты тасмаларын жана жетишкендиктерин белгилөө үчүн чогулушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан