Орозодо тиш дарылатууга болобу? Муфтияттын жообу

Кыргызстанда быйыл орозо 11-мартта башталды. Орозо күндөрү айрым адамдарды, "тиш дарылатса болобу?" деген суроо түйшөлтпөй койбойт. SUPER.KG порталы бул суроого жооп издеп көрдү.

Муфтияттын халал индустриясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр Токтогазы уулу зарылчылык болсо, орозодо тиш дарыгерге барса болорун, бирок этияттык менен дарылатуу керектигин белгиледи.

"Орозодо тиш дарыгерге барса болот, бирок өтө этият болуу керек. Тиш дарылап жатканда тамактан ары кетпегендей кылуу керек. Эң жакшысы ооз ачкандан кийин дарыласа жакшы болот. Эгер чыдатпай ооруп жаткан болсо, анда кылдаттык менен дарыласа болот. Негизгиси тамактан ары суу же кан кирип кетпеши керек".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан