Орозо-2024: онлайн-календарь «Мой О!» мобилдик тиркемесинде

«О!Деньги» финансылык сервиси бардык кыргызстандыктарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, тынчтык, бакубатчылык каалайт жана өз ара колдоону кубаттайт!

Жакшы салтты улантып, «Мой О!» мобилдик тиркемесинде орозо кармаган колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн Орозо онлайн-календары жеткиликтүү. Ошондой эле календардан кыргызстандыктар Кыргызстандын бардык аймактары үчүн ооз бекитүүнүн жана ооз ачуунун актуалдуу убактысын, дубалардын текстин жана маанисин карай алышат.

Ыңгайлуу сервисти колдонуңуз:

1. Google Play же App Store’дон «Мой О!» тиркемесин жүктөп же жаңыртып алыңыз;

2. Тиркеменин башкы бетинен «Орозо-2024 календары» баннерин басыңыз;

3. Жакынкы калктуу конушту тандаңыз.

Мындан тышкары, «О!Деньги» капчыгы аркылуу битир-садага жана Рамазан айында тѳлѳнѳ турган кайыр төлөмдөрдүн башка түрлөрүн бир нече кадамдар менен берсе болот.

Битир-садаканы онлайн төлөңүз:

1. «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» бөлүмүн ачыңыз;

2. «Төлөмдүн» ичинен «Жакшы иштерге» кирип, «Битир-садага» же башка кайыр төлөмдөрдүн түрүн тандаңыз;

3. Каалаган сумманы көрсөтүп, төлөңүз.

Бардык которулган каражаттар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине түшөт.

«О!Деньги» капчыгынан кайыр садаганы төлөп, жакшы иш жасоо мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз.

*«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан