АКШнын Филадельфия шаарында жол кырсыгынан каза болгон эки кыргызстандыктын сөөгү 8-март күнү эртең менен мекенине алып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, “Жүк-200” Кыргызстанга 8-март күнү эртең менен "Манас" эл аралык аэропортуна жеткирилген.
"Жүк-200дү" Кыргызстанга жеткирүүнү элчилик жана АКШдагы кыргыз диаспорасы уюштурган.
Эске салсак, 3-мартта саат 3:15тер чамасында Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарында 20 жана 22 жаштагы кыргызстандык жигиттер жол кырсыгынан каза болгон.