“4 GIRLS” тобунун бийчиси, Элька лакап аты менен таанымал тик-ток жылдызы Элиза Жээнмырзаева турмуш жолуна аттанды.
Тиктокер социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыз узатуу тою болгонун айтып, андагы сүрөт, видеолор менен бөлүштү.
19 жаштагы бийчи 24 жаштагы Адил Мырзаевге турмушка чыкты. Ал дзюдо боюнча 90 килограммга чейинки салмакта Кыргызстандын учурдагы чемпиону.