ЖРТ-2024. Абитуриенттер каттоо акысын онлайн төлөй алышат

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды. Каттоо онлайн өткөрүлүп, 4-апрелге чейин жүрөт. Негизги тестирлөө 2024-жылдын май айында өтөт.

Катышуу үчүн каттоо акысын «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» капчыгы аркылуу төлөсө болот. Быйыл негизги тесттин да, ар бир предметтик тесттин да баасы 470 сомду түзөт.

ЖРТга катышуу акысын кантип онлайн төлөсө болот?

1. «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» бөлүмүн ачып, «Төлөмгө» кириңиз.

2. «Билим берүүнү» таап, «ЖРТ үчүн каттоо төгүмү» категориясын тандаңыз.

3. Аты-жөнүңүздү, так сумманы көрсөтүңүз.

4. «Төлөө» баскычын басыңыз.

Даяр!

Төлөм тууралуу дүмүрчөгүн сөзсүз смартфонуңуздун галереясына сактап коюңуз же мессенджер аркылуу жөнөтүңүз. Каттоо учурунда төлөмдү тастыктоо үчүн чектин номерин, төлөмдүн күнүн жана суммасын көрсөтүү жетиштүү.

Белгилей кетели, билим алуусун ЖОЖдордо улантууну каалаган абитуриенттер ЖРТны тапшыруусу зарыл. Тестирлөө тууралуу толук маалымат ББОУБдун сайтында жеткиликтүү.

«Мой О!» тиркемесин Google Playден же App Storeдо жүктөп алып, «О!Деньги» финансылык сервисинен онлайн төлөмдөрдүн бардык артыкчылыктарын колдонуңуз.

*«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан