
Жалал-Абадда фейк аккаунт менен диний экстремисттик материалдарды таратып жүргөн шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ШИИБинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы социалдык тармакта диний экстремисттик материалдарды таратып жаткан фейк аккаунтту аныктаган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесине (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
11-16-март күндөрү облус аймагында "Нелегал" операциясы өтүп жаткан учурда жогорудагы кылмыш ишинин бети ачылган.
Шектүү катары Жалал Абад шаарынын тургуну 1994-жылы туулган С.М. кармалган.
Шаардык сот уруксат берген токтомдун негизинде шектүүнүн колдонуп жүргөн уюлдук телефону алынып, фейк аккаунт анын телефонуна кошулганы аныкталган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.