Бүгүн, 13-мартта Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Иран искусствосунун көргөзмөсү расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, иш-чара аталган министрликтин орун басары Марат Тагаевдин, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн мырзанын, Кыргызстандагы Иран элчилигинин Маданий өкүлчүлүгүнүн башчысы Абузар Тоганивдин катышуусунда өттү.
Ага ылайык, көргөзмөгө Ахмад Араб-Рахими, Хосейн Саржукиян, Рухолла Джаханбин, Сабер Сафай аттуу Иран элинин мыкты чеберлеринин эмгектери коюлган.
Көргөзмө 16-мартка чейин уланып, анын алкагында Ахмад Араб-Рахими, Хосейн Саржукиян, Рухолла Джаханбин, Сабер Сафай тарабынан мастер-класстар өткөрүлөт.