"Азия MIX" командасынын мурдагы оюнчусу Марат Жуманалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу кабарды бүгүн, 14-мартта анын жакындары тастыктады.
Айрым маалыматтарга караганда, Жуманалиев кулап кетип, башы менен катуу тийип, каза болгон.
Эске салсак, ал соңку убакта кайрымдуулук иштер менен алек болуп жүргөн.
Маратик деп таанылган Жуманалиев 1981-жылдын май айында төрөлгөн. Ал бул жылы 43 жашка чыкмак.
SUPER.KG порталы Марат Жуманалиевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.