Бүгүн, 19-декабрда КРнын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында “Таланттар таймашы” аттуу конкурс болуп өттү. Бул таймашта жалпысынан 46 конкурсант ат салышты. Алар ыр, бий, актёрдук чеберчилик боюнча таймашышты.
Оюндун жайынтыгында Долонбек уулу Акжол баш байгени, планшетти илип кетти. Ал эми 1-2-3-орунду алган студенттерге уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер ыйгарылды. Мындан сырткары байгелүү орунга ээ болгон бардык катышуучуларга жайкы эс алууга көгүлтүр Ысык-Көлгө жолдомо берилди.
Таймашта студенттер өздөрүнүн ар кандай таланттарын тартуулашып, конкурс шаңдуу өттү.