Рустам Жокоев жаңы кызматка дайындалды

Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары кызматына Рустам Жокоев дайындалды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга улай эле президенттин басма сөз кызматы Жокоевге аталган агенттиктин директорунун милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөнүн маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан