Өзбекстандын Алишер Навои атындагы мамлекеттик академиялык чоң театрынын артисттери Кыргызстанга гастролдоп келип, шаар тургундарына жана конокторуна чоң программадагы гала-концерт тартуулашты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, алардын маданий иш-чарасы кечээ, 14-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов жана шаар тургундары катышты.
"Гала-концертте аталган театрдын солисттери симфониялык оркестрдин жана хор жамаатынын коштоосунда дүйнө жана өзбек композиторлорунун классикалык чыгармаларынан арияларды, увертюраларды сунушташты. Концертти “Тумар” бий ансамбли коштоду. Дирижеру Руслан Бекмаев болду", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Сулейман Юдаковдун “Майсаранын жоруктары” аталышындагы операсын да кыргыз театр сүйүүчүлөрү үчүн коюшканы кошумчаланды.