Тоголок Молдонун вариантында “Манас” эпосу жарык көрдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, китептин бет ачары 20-декабрда Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде өтөт. “Манас” эпосу Тоголок Молдонун варианты боюнча биринчи жолу чыгып жатат. Анын кол жазмасы Улуттук илимдер академиясынын архивинде сакталып келген. Китеп кыргыз тилинде, миң нуска менен чыкты.
Эске салсак, буга чейин “Манас” эпосу Саякбай Каралаевдин жана Сагынбай Орозбаковдун вариантында жарык көргөн.