Биз социалдык тармакта

Чүйдө Мерседестин айдоочусу окуучуларды сүзүп алып, качып кетти (видео)

Чүй облусунда окуучуларды сүзүп алып, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 13-мартта болжол менен саат 15:04тө Ысык-Ата районунун Люксембург айылындагы Ваккер атындагы орто мектептин жанында болгон. Анда жөө өтмөктөн өтүп бараткан 4-класстын окуучуларын белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп, токтобой качып кеткен.

Кылмышка шектүү делип 24 жаштагы М. уулу А. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасы айып короо жайына токтотулду.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Чүйдө окуучуларды сүзүп, токтобой качып кеткен айдоочу кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан