Орусиядагы президенттик шайлоодо Владимир Путин 87,68 пайыз добуш алууда. Муну Борбордук шайлоо комиссиясынын жекшемби күнү кечинде протоколдордун 30 пайызын иштеп чыккандан кийин жарыялаган биринчи маалыматы тастыктайт.
Николай Харитонов 3,95 пайыз, Владислав Даванков 3,81 пайыз, Леонид Слуцкий 3,01 пайыз добушка ээ. Москва убактысы боюнча 17-март саат 20:37ге карата шайлоочулардын жалпы саны 74,22 пайызды түздү.
Путиндин азыркы жыйынтыгы Орусиянын тарыхында рекорддук көрсөткүч болуп саналат. 2018-жылы ал 76,69 пайыз, 2012-жылы 63,6 пайыз добуш менен жеткен. 2008-жылы Дмитрий Медведев 70,28 пайыз менен жеңишке жетишкен. 2004 жана 2000-жылдары Путин 71,31 жана 52,9 пайыз менен жеңишке жетишкен. 1996-жылы Борис Ельцин 53,82 пайыз менен экинчи турда жеңишке жеткен.
Орусияда президенттик шайлоо 15-17-март аралыгында өттү. Шайлоого төрт талапкер катышты: азыркы мамлекет башчысы Владимир Путин, ЛДПРден Леонид Слуцкий, Коммунисттик партиясынан Николай Харитонов жана "Жаңы эл" (Новые люди) партиясынан Владислав Даванков.