
Кадамжайда мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөнгө шектелип район тургуну кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкери 10-мартка караган түнү Ак-Турпак айыл аймагынын Торговый базарында коомдук тартипти көзөмөлдөп жүрүп, шектүү катары ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унааны текшерген.
Текшерүү учурунда Ак-Турпак айыл аймагынын 32 жаштагы тургуну М.Д. унаанын алдыңкы орундугунда К-16 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды эч кандай документи жок, мыйзамсыз алып жүргөндүгү белгилүү болгон.
Учурда ок атуучу курал алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.