Садыр Жапаров "убагында өзү да митингдерди уюштуруп жүргөн" дегендерге жооп берди

Биз жеке кызыкчылыгыбыз үчүн митинг уюштурган эмеспиз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров мамлекеттик "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчысынын кезектеги маегинен үзүндү төмөндө:

— Буга чейинки маегиңизде “Митингдерден коркпойбуз. Митингге чыккандардын башынан сылап отурбайбыз, жооп катуу болот” дегениңизди айрымдар коркутуу, кээ бирлери укуктарын чектөө катары карап атышат. Убагында сиз деле “Кумтөр” деп митингдерди уюштуруп жүргөнүңүздү эске салгандар болууда. Ушуга комментарий берсеңиз? Чын эле убагында митингдерге чыгып, ал үчүн Камчыбек Ташиев экөөңүздөр камалып да кеткенсиздер да?

— Ооба. Убагында биз да митингдерди уюштурганбыз. Бирок биз, биздин пайдабызга чечилип жаткан жакшы иштерди бурмалап, жеке кызыкчылыгыбыз үчүн митинг уюштурган эмеспиз да.

"“Кумтөр” өз элибиздин кызыкчылыгына иштесин, казынадан суук колуңарды тарткыла, элибиздин жашоосун оңдогула" деп митинг уюштурчубуз.

“Кумтөрдү” алдык. 30 миллиард сомго жакын салык төгүп жатат. Андан сырткары, 30 миллиард сомго жакын таза киреше берип жатат. Мурда биздин пайдабызга 5 миллиард сом салыктан башка "койдун корголу" жок болчу. Бюджет дээрлик үч эсеге көтөрүлдү.

Салык, бажы системасындагы уурулукту дээрлик 90 пайызга жок кылдык. Армиябызды, күч түзүмдөрүн болуп көрбөгөндөй күчтөдүк. Мектеп, жол, бала-бакчалар салынып жатат. Түшкө кирбеген мега долбоорлор башталды. ГЭСтер, ишканалар, маданий жана социалдык объектилер курулууда. Ортолоп калган долбоорлор, башталып жаткандары бар. Алар жылдан жылга ишке бериле баштайт. Жылдан жылга алар жемишин берип, экономикабыз мындан дагы күчтөнөт. Эмгек маяналар, пенсия, жөлөк пулдар дагы жогорулайт. Калкыбыздын жашоо турмушу дагы жакшырат. Кара жаныбызды карч уруп, эл үчүн иштеп жатабыз.

Анан эмнеге митингге чыгышыңар керек? Мурдагыдай 200 эле киши жалпы элдин ырыскысын уурдап жашаган жашообуз жакшы экен деппи? Биз андайларга жол бербейбиз. Мен бул сөзүм менен коркуткан жокмун. Укуктарын да чектебейм. Жөн гана 200 коррупционер менен бийликке таарынган уурулардын, кызматынан ажырагандардын кызыкчылыгын эмес, 7,5 миллион элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коём. Коргойм. Бул менин эл ишенип добуш берген түздөн-түз милдетим".

Белгилей кетсек, мамлекет башчысы 14-мартта өлкөдө митинг кылууга аракет кылгандарга карата мамлекет тарабынан катуу жооп болорун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан