Бишкекте Орусияда издөөгө алынган дагы бир жаран кармалды

Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 2013-жылдын июль айында Орусиянын ички иштер органдары тарабынан А.М. аттуу жаранга Москва облусунун аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн издөөгө жарыяланган.

"Коомдук жайларда жүзүн таануу функциясы орнотулган сырткы видео байкоо камералары аркылуу аныкталып, 19-мартта милиция кызматкерлери тарабынан А.М. аттуу жаран кармалып, тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин да ИИМ Орусиянын укук коргоо органдары издөө жарыялаган жаран Бишкектен кармалганын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан