Кочкордо акимдин орун басары пара берүүгө шектелип кармалды

Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары жана башкы адиси Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерине пара берүү фактысы менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта атайын кызматтан билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү делген мамлекеттик кызматкерлер Министрлер кабинетинин токтому жана бекитилген ченемдик-укуктук актылардын талаптарын сактабаганы аныкталган. Андыктан алар мыйзам бузууну жашыруу үчүн УКМК кызматкерине 30 миң сом пара сунуштаган.

Мындан улам 13-мартта пара берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Б.Т. жана башкы адиси С.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда бул кылмышты жасоодо Кочкор райондук администрациясынын башка кызматкерлеринин катыштыгы бар экендигин аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

19.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан